• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Солтонбекова: Мамлекеттик заказ өзүн жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу куралы катары көрсөттү

Коом 0

Бишкк, 27.04.21. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова ведомстводогу жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планын иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулады.

Анын айтымында, быйыл 51 бейөкмөт уюм мамлекеттин заказы менен социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыра баштады.

"Биз мамлекеттик заказ механизми жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү гана өркүндөтпөстөн, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат, жардамдын даректүүлүгүн жогорулатат деп ишенебиз", - деди Ализа Солтонбекова.

Бүгүнкү күндө биздин гранттык комиссиянын ачык сынагынан өткөн бардык катышуучулар 29 миллион сомдук долбоорлорду ишке ашыра башташты. Долбоорлор үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан алып чыгууга, үй-бүлө институтун бекемдөөгө, интернаттардын бүтүрүүчүлөрүн социалдык жана коомго аралашууга, улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, социалдык кызматтардын жана кризистик борборлордун, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган ж.б.

Коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагында жеңип чыккан КЭУлардын тизмеси жана сунушталган долбоорлордун рейтингдик тизмеси Министрликтин расмий сайтында мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий