• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сомалидеги террактын курмандыктарынын саны 189 адамга жеткен

Дүйнө 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/.Сомалинин борбору Могадишодогу терракттын курмандыктарынын саны 189 адамга жеткен. Дээрлик 200гө жакыны жаракат алган, деп жазат Associated Press агенттиги.

Күн мурун Могадишодо эки жарылуу болгон: биринчиси – өкмөттүк мекеменин, мейманкана жана ресторандын аймагында, экинчиси – Мадинанын аймагында,-деп жазат “Свобода” радиосу.

Азыркы учурга чейин чабуулга жоопкерчиликти эч ким ала элек. Сомалинин өкмөтү өлкөдө көпчүлүк учурда жардырууларды уюштурган Al-Shabaab террордук тобун айыптады.

Пикир

Оставить комментарий