• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сомду чет элдик валютага алмаштырууда сумма боюнча чектөө жок – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Сомду чет элдик валютага алмаштырууда сумма боюнча чектөө жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта брифингдин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө долларга карата дефицит жок. Кечээ, 10-мартта Улуттук банк 50 млн доллар, анын ичинде 4 млн доллар накталай сатып, интервенцияны ишке ашырды.

Абдыгулов билдиргендей, ар бир каалаган жаран банкка барып кайсы сумма керек болсо, ошончо алмаштыра алат.

Белгилей кетсек, 10-мартта Кыргызстанда доллар жана еврого карата сомдун курсу кескин түшүп кеткен. Бүгүнкү күндө долларды сатып алуу 72,9 сом болсо, ал эми сатуу 72,7 сом, еврону сатып алуу 81,60 сом, сатуу – 83,1 сомду түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий