• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сомдун курсу бир нече күндө түзөлөт – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Сомдун курсу бир нече күндө түзөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

Ал, сом жетишпегендиктен коммерциялык банктар долларды сатып албай жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, мындан улам көптөр долларды топтоп алды. Бул психологиялык фактордон улам болду.

"Алар аны кымбат сатса болот деп ойлогон. Ал суроо-талап менен сунуш системасы эмеспи", - деди ал.

Мындан улам ал, Улуттук банк резервдерине көз салып турууга чакырды. Анын айтымында, алардын резервдери 2,3 млрд долларды түзөт.

"Эгер бирөөдө маселе жаралган болсо, долларды сатып алып кайра интервенция жасай алабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий