• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Сомон Эйр» октябрга чейин Россиядан Тажикстанга 71 чартердик каттам аткарат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Россиядагы тажикстандыктарды мекенине жеткирүү үчүн 16-сентябрдан 30-сентябрга чейин кошумча 71 чартердик каттам аткарат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекенине кайткысы келген жарандар алгач Тажикстандын Россиядагы элчилиги менен башкы консулдуктарынын алдында түзүлгөн атайын комиссияга почта аркылуу өтүнмө жөнөтүшү керек.

Мындан тышкары алардын колунда акыркы 96 сааттын ичинде тапшырылган, коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттердин жыйынтыктары болушу зарыл. 3 жашка чыга элек балдардан мындай кагаз талап кылынбайт.

Тажикстан коронавирустун жайылышына байланыштуу марттын аягында аба каттамдарын токтоткон. Ошондон бери чет өлкөлөрдөгү жарандар чарттердик каттамдардын жардамы менен гана келишүүдө.

Тажикстан менен Россия арасында ырааттуу учуулар качан башталары айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий