• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соодагерлер сабиздин кымбатташы экспортко байланыштуу экендигин айтып чыгышты

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Кыргызстандагы ири базарлардын өкүлдөрү сабиздин кымбатташы экспортко байланыштуу экендигин айтып чыгышты.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигиндеги жыйында “Дордой” базарынын директору Эркинбек Салымбеков бүгүнкү күндө продукцияларды экспортко чыгарып жаткандар талаадан эле сабиздерди сатып алып жатканын белгиледи.

Ал өз учурунда баанын өсүшүнө алып келди.

Аламүдүн базарынын директору Төрөгелди Узакбаев да сабиздин кымбатташы экспорт менен байланыштуу экендигин айтты.

Эскерте кетсек, учурда сабиздин баасы 100 сомдон ашып кетти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу үстүбүздөгү жылдын июль айынын башында сабизге болгон баанын төмөндөшү күтүлүп жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий