• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соодагерлердин нааразычылыгы. ККМ Салык кодексиндеги норма эмес, өкмөттүн токтому менен милдеттендирилген

Экономика 0


Бишкек, 24.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. ККМ (Кассалык көзөмөл машиналары) товар жүгүртүүдө колдонуу Салык кодексиндеги норма эмес, ал буга чейин иштеп келген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди.

Анын айтымында, кассалык аппараттарды колдонуу соода жүгүртүү эрежелерине дагы шайкеш келет.

“Министрлер кабинетинин токтому менен 2020-жылдын 1-июнунан баштап соода жүргүзгөн, кызмат көрсөткөн түйүндөрдүн 80 пайыздан ашууну ал аппараттарды колдонуу зарыл деген талап бар болчу. Ал эми Салык кодексине көзөмөл аппаратты колдонгондордун соода жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин болсо (бир айда) бүткүл салыктан бошотулсун деген норманы киргиздик. Белгилей кетсем, эгер ишкер кол алдына жумушчуларды алып иштетип, айлык маяна төлөй турган болсо, анда киреше салыгын жана соцфондго төлөнө турган чегерүүлөр алынат. Соода жүгүртүүсү 8 млн сомдон өйдө, 30 млн сомго чейин болсо ишмердүүлүгүнүн түрүнө карата (айыл чарба, соода, зергер) бирдиктүү салык төлөшөт. Кварталда бир эле отчет тапшырышат. 30 млн сомдон жогору болгондор дүйнөлүк стандарттарга ылайык, финансылык отчеттуулукту жүргүзөт”, - дейт ал.

Алиев ККМ кымбат деген суроолор жаралып жатканын айтып, анын эки түрү болоруна токтолду.

“Азыр программалык жана аппараттык деген эки түр кассалык көзөмөл машиналары бар. Аппараттык машиналар чоң-чоң түйүндөрдө болуп, баасы 10 миң сомдун тегерегинде турат. Чакан бизнеске жеңил болсун деп программалык кассалык аппараттарды иштеп чыгып киргизгенбиз. Анын чеги дагы болбойт, салык органдарына кайрылса уюлдук телефонго акысыз тиркемени жүктөп берет”, - деди төраганын орун басары.

Ал Кыргызстанда 29 миңдей ишкер ККМ колдонорун, эгер баары кассалык аппаратка өтсө алардын саны 100 миңден ашарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бир катар соода түйүндөрүнүн сатуучулары ККМди колдонууну киргизүүгө каршы чыгып, нааразычылык акциясын өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий