• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: 2010-жылдын 7-апрели – Кыргызстандын тарыхындагы жаңы барактын башталышы

Өкмөт 0


Бишкек, 7-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондордун туугандары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Премьер-министр Апрель элдик революциясында жасаган эрдиги үчүн бир катар жыйындын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктары менен сыйлады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ар бир мамлекеттиy тарыхый окуясы болорун, Кыргызстан үчүн 2010-жылдын 7-апрели экенин билдирди.

«2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-2010-жылдардагы элдик революциялар өлкөдө акыйкатсыздык менен күрөшүүгө багыт берди. Бүгүнкү күндө каза болгон мекендештерди эстегенде бул күндү майрам деп атоо кыйын. Бирок ушул күндөн баштап, эркиндикти сүйгөн кыргыз эли үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгышты. Бул ырда айтылгандай, «көз жаштын жеңиши», андыктан баарыңыздарды майрамыңар менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Биз 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорду эскерип, куран окуп, алардын бекеринен көз жумбаганын далилдейбиз», — деди Сооронбай Жэээнбеков.

Премьер-министр 2010-жылдан бери өлкөдө 2 миңден ашык нааразылык акциялары өткөнүн, айрым тараптар жаңы тапшырмаларды ишке ашырууга аракет кылганын эскертти.

«Өлкөнүн туруктуулугуна, элдердин бакубат жашоосуна карай багыт алган элдин бийлигин кармап калуу оңой болгон жок. Бирок ага карабастан экономикада жана башка тармактарда жакшы жетишкендиктер болду. Учурда энергетика, билим берүү, транспорт тармагында бир топ ири долбоорлор ишке ашууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал эгерде 2009-жылы Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттин көлөмү 48 млрд сом болгон болсо, алты жыл аралыгында бул көрсөткүч 125 млрд сомго жеткенин билдирди. 2017-жылы бюджеттин кирешесин 150 млрд сомго жеткирүү пландалууда. 2016-жылы билим берүү тармагына 32 млрд сом каражат сарпталды. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Бүгүн мугалимдердин орточо айлык акысы 14 миң сом.

«2016-жылы өлкөдө конституциялык референдум өтүп, саясий системаны бекемдеп, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөнүн туруктуулугуна жол ачылды. Бул система мамлекеттик аппаратты коррупцияланган схемадан арылууга, өз кызыкчылыгын коргогон көрүнүштөрдү жоюуга алып келет», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы бардык катышуучуларга ийгилик жана жакшылыктарды каалоо менен биргеликте гүлдөгөн Кыргызстан куруларына ишендирди.

Жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары» жана «Апрель байрагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, ысымы жазылган сааттар менен сыйлап, айрымдарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий