• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Админресурстан дагы добуштарды сатып алуу шайлоого коркунуч туудурат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. 2009-жылы сиз биринчи вице-премьер-министр болгон учур менен бүгүнкү күндүн шайлоосун салыштырсак, асман менен жердей болуп турбайбы, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 4-октябрында КТРКда болуп өткөн дебатта. Бул тууралуу ал административдик ресурсту пайдалануу боюнча кээ бир атаандаштарынын айыптоолоруна жооп берип жатып айтты.

Ал талапкерлерди объективдүү болушун чакырды жана ошол эле 2009-жылды эсине салды. «Жөн гана мурунку жылдардагы шайлоолор менен салыштырып көргүлө. 2009-жылы бизди бир дагы мекемеге киргизчү эмес, жолугушууларды биз көчөдө өткөрүүгө аргасыз болгонбуз. Өлкө боюнча бизге 30 баннерге гана орун бөлүнүп берилген. Бүгүн болсо, Өмүрбек Токтогуловичтин ар бир айылда 30га жакын баннери илинип турат. Эӊ көп үгүт материалдары, гезит жана телекөрсөтүүлөр Бабановдуку. Ал эл менен кайсыл жерде болбосун - каалагандай жолугат. Эч кандай тоскоолдуктар жок. Мен Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп, шайлоодо бардыгына бирдей шарт түзүлсүн деп, премьер-министр кызматынан кеткем. Кайсыл админресурсту айтып жатасыӊар? Биз эч кимди мажбурлабайбыз, кабинанын ичинен ар бири өзү каалаганга белги коет. Баарынан дагы сырттан келген акча менен добушту сатып алуудан коркуу керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал учурда ар бир шайлоочу эркин тандоо укугун пайдалана алаарын баса белгиледи. «Ал эми 2009-жылы комиссиялар шайлоо бюллетендерин пачкалап салчу. Ошондой эле байкоочуларга карата кысым көрсөтүлчү. Бир нерсе айтаардан мурда, салыштырыш керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

 Даярдоочу: КУМА “Кабар”

 Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175

 КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

 Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий