• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу

Президент 0

Бишкек, 08.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан аялдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу айымдар!

Сиздерди жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Сиздер өз мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Сиздердин энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр жашоонун улуу көчүн улап келет. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат.

Сиздер бүгүн өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатасыздар.

Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу. Коомубуздун ынтымагына жана биримдигине сиздердин кошкон салымыңыздар баа жеткис.

Сиздердин кажыбас кайратыңыздар, турмуштук активдүү позицияңыздар бизди ар дайым бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат.

Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалайм!

Майрамыңыздар менен!”

Пикир

Оставить комментарий