• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышат

Президент 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Президенти Сума Чакрабарти, министрликтер жана ведомстволордун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалардын директорлору, донорлук коомчулуктун өкүлдөрү чакырылды.

Форумдун катышуучулары бүт өлкө боюнча суу менен камсыздоо, санитария жана ирригация тармактарын жакшыртууга багытталган стратегияларды жана конкреттүү кадамдарды талкуулайт.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЕРӨБ ортосунда суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга кол коюлат — Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча Макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча Макулдашуу.

Эки долбоордун инвестицияларынын жалпы суммасы 13 млн евродон ашуун сумманы түзөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары — ЕРӨБ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

Пикир

Оставить комментарий