• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Атамбаевдин курсун улантам!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын №5 мектебинде жайгашкан №1327 шайлоо участогунан добуш берди. Андан соң Жээнбеков журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

Биринчи эле суроо Сооронбай Жээнбеков өз жеңишине ишенеби, деген суроо болду. «Албетте, ишенем. Кудай буюруп, элибиз колдосо, жеңиш биз тарапта болот! Биринчи же экинчи тур мененби - аны шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт. Биз алдын-ала шайлоонун жыйынтыгын эч ким билбеш үчүн, таза шайлоо үчүн күрөшкөнбүз», - деп жооп берди Жээнбеков.

Андан аркы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков булшайлоодо атаандаштык аябай катуу болуп, тилекке каршы, провокациялар көп болуп жатканын айтты. «Үгүт маалы көргөзгөндөй, менин колдоочуларыма коюлган айыптардын 90 пайызынан көбү алдын-ала даярдалган, ойдон чыгарылган, жалган нерселер болуп чыкты. Менин штабым чагымдар болорун эскерткен. Адегенде чын-жалганын аныктайлы. Бул үчүнкомпетенттүү органдар, Боршайком, милиция, прокуратура бар да», - деп талапкер белгиледи.

Ошондой эле ал кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Казакстан менен болгон мындан аркы мамилелер жөнүндө суроого жооп берди. «Кудай кошкон коңшу болгон соң, ынтымакта жашоодон башка жол жок. Казак менен кыргызды эч кандай чек ара бөлө албайт, эки элдей тили, дили жакын эл аз болсо керек. Ошентсе да, ар бирибиз мамлекеттик эгемендигибизди урматташыбыз керек. Азыркы кырдаал деле утурумдук, жакын арада ордуна келет деп ишенем», - деди Жээнбеков.

Журналисттер кандай себептер менен Сооронбай Жээнбеков коомдук каналга акыркы дебаттарга келбегенин сурашты. Буга Жээнбеков аймактарда алдын-ала пландалган жолугушуулары бар болгонун жооп берди. «Мен бардык талапкерлерди бирдей көрөмүн, бирдей сыйлаймын. Бир ай арасында эки дебатка катыштым, айтчу ойлорумду айттым, ошондуктан шайлоочулар менен бетме-бет жолугууну туура көрдүм», - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал эгерде жеңип калса, шайлоодон кийин инаугурацияга даярдана турганын белгиледи. «Мен Атамбаевдин курсун улантам. Менин башкы максатым - жетишкендиктерди бекемдөө жана реформалардын жаңы баскычын ишке ашыруу», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Жыйынтыгында, ал туруктуулук жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн добуш бергенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий