• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Ататүрктүн мавзолейиндеги бейитине гүлчамбар койду

Президент 0

Бишкек, 09.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн мавзолейине барып, анын бейитине гүлчамбар койду. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы мавзолейге Даңк аллеясы менен барып, гүлчамбар коюп, бир мүнөт үн катпай түрк мамлекетинин негиздөөчүсүн эскерди.

Ошол эле жерден Сооронбай Жээнбеков Ардактуу меймандардын китебине Түркия Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык каалаган жазуу калтырды.

Пикир

Оставить комментарий