• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, өлкөнүн парламентинин жыйынында сүйлөп жатып.

«Чыңгыз Айтматов айткандай, „бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз“. Муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталган. Мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун бардык механизмдерин колдонобуз. Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет. Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент ар бир аймактагы кырдаал кылдат иликтенип, даректүү иш-аракеттер жасаларын кошумчалады.

«Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз. Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында, айрым субьектилерге уруксат берүү мүмкүнүчүлүгү каралат», — деди Мамлекет башчысы. Бирок, коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режим колдонулат.

Ошол эле учурда өлкөнүн сырткы чек аралары күчөтүлгөн тартипте кайтарылып, башка өлкөлөр менен болгон байланышты чектөө улантылат.

«Мындай чектөөлөр облустар, райондор арасындагы карым-катташка да тиешелүү. Бул тартипти жалпы дүйнөдөгү кырдаал жакшырганга чейин сактоого мажбур болобуз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий