• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков азыркы президенттин саясатын улантат - Алга Кылычев

Саясат 0

Бишкек, 14-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантат мындай пикирин “Элдик бирикмелер кеңешинин” төрагасы Алга Кылычев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин бийлигинин учурунда өлкө көп ийгиликтерге жетишти, ошол эле учурда эл аралык мамилелерде, энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик.

“Башка мамлекеттер менен достук мамиленин түзүлүшүнөн улам, Россия Атамбаевдин ал жакка болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы жолугушууда биздин мамлекеттик карызды толугу менен кечти. Бүгүнкү күнү мындай ишти Сооронбай Шарипович уланта алат”,-дейт Кылычев.

“Мындан тышкары Оштогу жана Жалал-Абаддагы кандуу окуядан кийин аймакты калыбына келтире алды. Учурда түштүк жак гүлдөп өнүгүп жатат. Анын пиары жок, бирок аймактардын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң”.

Өз кезегинде “Патриот” уюмунун төрагасы Тариэль Исаков өзүнүн кесиптешин колдоорун жана Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуу инсан экенин билдирди.

“Биз Жээнбековдун коррупцияга аралашпаганына ишенебиз. Ал башкаларга окшоп мамлекеттик казынага кол салган эмес. Биздин мекеме толугу менен президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт”,-деп кошумчалады Тариэль Исаков.

Пикир

Оставить комментарий