• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп маалымдайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Банк чөйрөсү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт.

Учурда орун алган жагдайда Кыргызстандын банк системасы экономиканы үзгүлтүксүз каржылоо, төлөмдөрдү жүргүзүү жана калкты акча каражаттары менен камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, өзүнүн туруктуулугун көрсөттү.

Бүгүнкү күндүн шарттары заманбап технологияларды — банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү, мобилдик банкингди, электрондук төлөмдөрдү жана калкты аралыктан тейлөөнү өнүктүрүүнү жигердүү жайылтуу зарылдыгын дагы бир жолу айгинелеп турат.

Кыска мөөнөткө каралган максаттар менен катар эле узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүү боюнча иштерди да активдүү жүргүзүү — учурдун талабына айланды.

Банк чөйрөсүнүн кызматкерлери, ыкчам жана ийкемдүү чечимдерди кабыл алууну, жогорку кесипкөйлүктү талап кылган алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге ден соолук, бакты-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий