• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда Корея Республикасынын, Катар Мамлекетинин, Америка Кошмо Штаттарынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Чилинин, Аргентина Республикасынын жана Замбия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен жана Кыргызстандагы Европа Союзунун Туруктуу өкүлүнөн Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөрдүн жакындашуусу жана эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү үчүн бардык аракетин жумшаарына ишенимин билдирди.

Ар бир Элчи менен өз ара кызыкчылыктарга туура келген тармактардын баарында эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин камтыган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Элчилери Ишеним грамоталарын тапшырган ар бир өлкө менен Кыргызстан мамилелерди тереңдетүүгө жана мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

«Биз эки тараптуу достук мамилелерди, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун, өзгөчө айыл чарба, туризм, өндүрүш, жаңы технологиялар жаатында кызматташууга олуттуу маани беребиз. Кыргызстан ар бир өлкө менен позитивдүү жана жемиштүү өнөктөштүккө даяр», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Кореянын Элчиси Ха Тэ Ёк, Катардын Элчиси Абдала Ахмед Абдала Салех Аль Сулейти, АКШнын Элчиси Дональд Лу, Пакистандын Элчиси Фейсал Нияз Тирмизи, Чилинин Элчиси Родриго Ньето, Аргентинанын Элчиси Рикардо Эрнесто Лагорио, Замбиянын Элчиси Шадрек Лувита жана Евросоюздун Туруктуу өкүлү Эдуард Ауэр Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстан менен болгон достук жана жакын мамилелерди тереңдетүү үчүн бардык аракеттерди көрүшөөрүнө ишендирип, кызматташтыктын бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий