• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Биз бир тууган Өзбекстан менен болгон мамилени жогору баалайбыз

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нуриджон Исмоилов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы Нуриджон Исмоиловду жылуу тосуп алып, учурда кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыккандыгын белгиледи.

«Боордош Өзбекстан менен мамилени баалайбыз, кыргыз-өзбек достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат. Саясий эрк көрсөтүп, кыргыз-өзбек кызматташуусун жемиштүү өнүгүшүндө практикалык кадамдарды жасаган Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин аркасы менен мамилелерибиз сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Баардык маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди. Биз муну жогору баалайбыз», — деп баса белгилеп, Сооронбай Жээнбеков өзбек кесиптешине жакшы каалоолорун билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамилелер күн санап чыңдалып жаткандыгын белгиледи. Кыргызстан тарыхый жактан калыптанып калган өз ара мамилелерди кеңейтип жана терендете бермекчи.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири майрамдаганы үчүн Өзбекстандын жетекчилигине жана жалпы элине ыраазычылык билдирди.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нуриджон Исмоилов Сооронбай Жээнбековдун ишине жогору баа берип, өз өмүрүн жана бардык убактысын элине жана өлкөсүнө арнап жаткандыгын белгиледи.

«Кыска мезгилдин аралыгында көп иштер жасалды. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге сиздер эки өлкөнүн элдери жакшы мамиледе, тынчтыкта жана бейпилдикте жашашы үчүн эки тараптуу кызматташуунун жаңы доорун ачтыңыздар», — деп баса белгиледи Спикер.

Нуриджон Исмоилов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдун Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдыгына байланыштуу эң жакшы каалоолорун жана жылуу куттуктоолорун жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий