• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Биз бизнести колдон келишинче колдойбуз, коргойбуз

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. «Биз бизнести колдон келишинче колдойбуз, коргойбуз. Арыз-муңду укканга, жардам бергенге, маселе чечкенге дайым ачыкпыз. Бирок, силер да өз жоопкерчилигиңерди сезип, салыкты жашырбай, убагында, толук көлөмдө төлөп, көмүскө эмес, ачык иштегиле», — деп чакырып өттү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчү катары орто жана чакан ишкерликти атады.

«Бүгүнкү комитеттин жыйынынын максаты — бизнестин өкүлдөрү менен мамлекеттик текшерүүчү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чогуу отуруп, ачык сүйлөшүп, өнүгүүгө тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу максатында алдыга жылуу», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал текшерүүчү жана укук коргоо органдары катуу көзөмөлгө алынып, мурдагыдай ашыкча текшерүүлөр жокко чыгарылганын айтып, бул органдардын катарында жалпы системага көлөкө түшүргөн адамдар да жок эмес экенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да күрөш күчөй турганын өзгөчө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий