• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Биз кредиттик саясатыбызды өзгөрттүк

Президент 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Биз кредиттик саясатыбызды өзгөрттүк. 5 жылдык кыска мөөнөттүү кредиттерди алганды токтотуп жатабыз. Дүйнө жүзүндө жүгүртүүдө акча көп. Биз тышкы карыздын жүгүн мындан ары жеңилдетишибиз керек. Ошондуктан, алсак дагы жеңилдетилген кредиттерди, айрыкча гранттарды алууну туура көрүп жатабыз. Бул багытта иштеп жатабыз.

Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул каражаттар биринчи кезекте калктын ден соолугу үчүн курч бойдон калып жаткан таза суу, жумушчу орун түзө турган ирригация тармагын оңдоо жана куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталаарын белгиледи.

«Азыр башка дагы объектилер бар. Биз бул каражаттарды экспортко багытталган ишканаларды колдоого, жумушчу орундарды түзүүгө, жаңы фабрика-заводдорду салууга багыттайбыз, айрыкча, каражаттарды региондорго бурабыз — ишкерлерди, жаңы фабрика-заводдорду салыктардан бошотуп жатабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин 5-10, 15-20 жыл мурун алынган карыздарды төлөй турган учурлар келгенин белгиледи. 5 жылдык мөөнөт менен алынган оор кредиттердин төлөө мөөнөтү дагы келип калды.

Ал карыздардын мөөнөтүн узартуу боюнча тынбай сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканына ишендирди.

«Биздин өнөктөштөр азыркы кырдаалды туура түшүнүп, Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти. Мен өзүм февраль айынан баштап бардык финансы институттары, тиешелүү мамлекет жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшө баштагам. Анын жыйынтыктары болуп жатат. Маселен, июнь айында Париж клубунун кредиторлоруна тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү Меморандумга кол коюлду. Андан тышкары, Кытай тарап менен, Париж клубунун мүчөлөрү — Германия, Франция, Дания, Корея, Япония менен, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жетиштик. Аларга да рахмат, туура түшүнүп, муну дагы колдоп беришти. Ошондой эле „G20“ тобуна кирген 20 ири мамлекеттин алкагында да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө макулдаштык», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы «айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган аракеттер менен карызды жоюу» механизмин колдонуу демилгеленип жатканын кошумчалады. «Бул жаатта да иш уланып жатат. Эгерде бул маселе чечилип калса, биз эки жактан тең пайда табабыз: биринчиси — карыздан кутулабыз, экинчиси — ошол айлана-чөйрөдө болуп жаткан маселелерди дагы өзүнүн каражаты менен чечип алабыз. Бул чечилип калса биздин мамлекет үчүн абдан жакшы болот эле. Биз бул маселени бардык эл аралык форумдарда, аянтчаларда көтөрөбүз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий