• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков БШКга кол тамгаларды тапшырды

Саясат 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогон 50 миң кишинин кол тамгалары тапшырылды.

Талапкердин өкүлү Жылдыз Сманбаева билдиргендей, президенттикке талапкерлер 30 миң кол топтошу шарт.

“Биздин активисттерибиз 100 миңден ашык кол топтошкон. Бирок биз БШКнын сунушу менен 50 миң кол тапшырдык”,-деди Ж. Сманбаева.

Эскерте кетсек, талапкерди көрсөткөн күндөн тартып, республика боюнча Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогондордун кол тамгасы чогултула баштаган.

Мыйзамга ылайык, кол топтоо талапкер көрсөтүлгөн күндөн тартып, 26-августка чейин улантылат.

Пикир

Оставить комментарий