• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө барды

Президент 0

Бишкек, 07.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды.

Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий