• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков: Дары-дармектердин мамлекеттик материалдык резерви түзүлөт

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Мамлекеттин материалдык резерви бар. Мурун дары-дармектер дагы ошол жерге сакталып келген. Көп жыл болуп калыптыр, токтотуп коюшкан. Азыр мына Өкмөт менен сүйлөштүк, Өкмөт иштеп жатат. 65 эң керектүү деген дары-дармекти запас кылалы деп бул боюнча дагы иштеп жатабыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда, Биринчи радиого берген маегинде.

Мамлекет башчысы ушундай оор мезгилде пайда табам дегендерди эл душманына теңей турганын эске салды.

«Калкыбыздын башына ушундай оор мезгил келип турганда ошол нерседен пайда табам деген адамдардын баары тең элдин душманы деп айткам. Бир эле дары ташыгандар эмес, жалпы эле айткым келет, ишкерлерге, ар бир адамга. Азыр бул менин жеке көзөмөлүмдө, Өкмөт башчынын көзөмөлүндө. Тиешелүү мамлекеттик органдар буга көзөмөл кылып жатышат. Көрүп жатасыңар, бул багытта катуу иш алпарып жатабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков дары-дармектер рыногун көзөмөлдөө жана калкты дарылар менен камсыз кылуу жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Президент муну менен бирге фармацевтика тармагында иштеп жаткан, фабрика салып жаткан, дары, медициналык каражаттары чыгарып жаткан ишкерлерди колдоо маселеси колго алынып жатканын белгиледи.

«Премьер менен дагы сүйлөштүм, болгон каражаттарды ушул багытка да жумшайлы, берели деп. Мамлекеттик банк, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан, сырттан келген каражаттардан дагы ошолорго берүү, колдоо боюнча ишти колго алып жатабыз. Көп дарыны сырттан алып келүү, импорттун ордун толтуруу боюнча дагы сүйлөшүп жатабыз, бул боюнча дагы иш болот», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий