• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБ натыйжалуулугун арттыруунун багыттарынын практикалык кадамдары гана евразиялык интеграцияга жаңы дем берип, коомчулуктун ишенимин жогорулатат

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. ЕАЭБ натыйжалуулугун арттыруунун багыттарынын практикалык кадамдары гана евразиялык интеграцияга жаңы дем берип, коомчулуктун ишенимин жогорулатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын астында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

«Бүгүн жыйындын күн тартиби боюнча жана евразиялык биримдиктин түрдүү маселелери боюнча конструктивдүү пикир алышуу болду. Биз евразиялык интеграциянын алкагында турган кечиктирилгис көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштерди улантууну макулдашууга жетиштик»,-деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы катарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларына 2017-жылы евразия мейкиндигинде ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү жана биримдиктин ишмердүүлүгүнүн башкы аспектиси экендигине басым жасоо сунушу менен кайрылган.

«Приоритеттүү маселелердин арасында ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди жана үй бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыздоо жөнүндөгү келишиимге кол коюу, технологиялык мейкиндикти түзүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу, өнөр жай кызматташтыгын ишке ашыруу, ЕАЭБ жана башка рынокторун либералдаштыруу сыяктуу чечүүгө зарыл болгон маселелер бар. Бүгүн Өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясына кыска убакыт аралыгында жогорку кеңештин төрагаларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, жыйында интеграциялык потенциялга ээ болгон экономика тармактары менен байланышкан маселелер каралды. Бул Өкмөттөр үчүн аймактык өндүрүштүк байланыштарды түзүүгө активдүү катышуга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп билдирди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, айыл чарбасы үчүн жабдуулардын комплексин чыгаруу боюнча өндүрүштү уюштуруу чечими евразиялык интеграциянын натыйжалуулугун арттыруунун мыкты практикалык кадамынын үлгүсү.

«Мындан тышкары, Өкмөт башчыларынын деңгээлинде үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү жана экспорттук потенциялды арттырууга арналган агроөнөржай саясатын түзүү аракеттери жөнүндөгү чечим кабыл алынды.

Ошондой эле, Кыргызстандын ЕАЭБ органдарынын чечимдерин кабыл алуудагы процедураларды жеңилдетүү сунушу колдоого алынды», – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий