• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: ЭКУ менен тыгыз кызматташуунун артыкчылыктуу багыттардын бири – энергетикалык жана транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу

Өкмөт 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Өз ара тыгыз кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү -энергетикалык жана транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду практикалык ишке ашыруу болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-Саммитине катышып жатып билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Кыргызстанда азыркы кезде өз ара кызматташтыкка күчтүү дем бере турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курулушун баштоо боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Аймактык кызматташтыктын дагы бир маанилүү жетишкендиги болуп ири энергетиалык «CASA-1000» долбоорунун уюмдагы көптөгөн өлкөлөр тарабынан ишке ашырылышы», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

«1992-жылы Уюмга жети өлкө кошулган анын ичине Кыргыз Республикасы да кирген. Биз ЭКУнун катышуучу өлкөлөрдүн кызматташуусун бекемдөөгө, анын ичинде соода, транспорт, энергетика, айыл чарба туризмге багытталган ишмердүүлүгүнө чоң маани беребиз», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы ЭКУ соода жана өнүктүрүү Банкынын каржылык уюм катары маанисин, Уюмдун программалык долбоорлорун насыялык жана гранттык камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

«Уюмдун алдына коюлган негизги максаттар менен тапшырмаларга толук кандуу жетишүү үчүн биздин өлкөлөр бардык зарыл болгон потенциялга, анын ичинде адам ресурсуна, экономикалык мүмкүнчүлүккө, ири жаратылыш байлыктарга ээ. Эми макулдашылган аракеттерди ишке ашырууга убакыт келди. ЭКУ принциптерин негиз кылуу менен Уюмдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана натыйжалуулугун көтөрүү, мындан тышкары коюлган милдеттерге жетүүдө алдыга жылуу, приоритеттүү тармактарда долбоордук иштерди кеңейтүү зарыл»,-деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр кыргыз тарап ЭКУ кирген мамлекеттердин көп тармактуу кызматташууда пайдалуу болуу үчүн, Уюмдун эффективдүүлүгүн күчөтүү жана аны реформалоо тууралуу пландарын толугу менен колдой турганын билдирди. «2025-жылга чейинки ЭКУ келечеги» аталышындагы Исламабад Декларациясына киргизилген сунуштарды иш жүзүндө ашырууга күч жумшоо зарыл.

«Көчмөн элдин маданий-тарыхый баалуулуктарын сактап калуу жана аны өркүндөтүү максатында Кыргызстандын демилгеси менен 2016-жылы Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ийгиликтүү өткөрүп алдык. Аталган демилгени колдоп, активдүү катышкан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Биз азыркы мамлекттер ортосундагы калыптанган достук мамилени жогору баалайбыз жана келечекте бул алакаларды дагы тереңдетүүгө даярбыз», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ЭКУ өлкөлөрү чоң мүмкүнчүлүктөрү менен Евразиялык континеттин борборунда туруп, өз эрки менен Уюмдун алдындагы коюлган тапшырмаларды аткарууга, региондор аралык туруктуулукту кармап, экономиканы өнүктүрүүгө, атаандаштыкка туруштук берүүгө жана туризм жана башка пайдалуу багыттарга басым жасоого ишеним артарын баса белгиледи.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргызстан Уюмга кирүүгө негизги себеп болгон аймактар аралык экономикалык алаканы жакшыртууну жана андагы принциптерди колдойт. Ал эки тараптуу кызматташууга байланыштуу, биргелешип издөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнүн реалдуу механизмдери менен экономикалык өз ара аракеттенүү региондогу жана ЭКУ сапаттуу жаңы деңгээлге чыгуунун жолу болуп каларына ишеним арта турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий