• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

С.Жээнбеков: Фитосанитардык лабораториялардын ачылышы КРнын ЕАЭБге кирүүсүнүн бир жыйынтыгы

Өкмөт 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта Талас облусуна болгон бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура районун Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө эл аралык стандартка ылайык фитосанитардык лабораториялардын ачылышы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуусунун алкагында белгиленген иштердин жыйынтыгы болуп саналат.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен республикада бир катар милдеттер кабыл алынган. Атап айтсак, ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын эл аралык стандартка жооп бериши коюлган талаптардын бири болгон. Буга байланыштуу ЕАЭБ интеграциясынын алкагында инфраструктураны жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу зарылдыгы келип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт 2016-жылдын май айында башка жактардан келген каражаттарды күтпөстөн республикалык бюджеттин эсебинен эки лабораториянын имаратын капиталдык ондоп-түзөө иштери, ошондой эле зарыл болгон лабораториялык жабдуулар, эмеректер жана башка материалдар менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алган. Бардык тиешелүү органдарга 2017-жылда ветеринардык жана фитосанитардык лаобраторияларды куруу жана модернизациялоо иштерин аягына чыгарууну тапшырган.

«Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде мүмкүнчүлүктөргө гана ээ болбостон, бир катар талаптарга да жооп бериши керек. Мына, өз күчүбүз менен курулган фитосанитардык лабораториянын бирөөсү бүгүн ишке берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунда да ушундай лаборатория крулуп бүтүп, ишке берилер алдында турат. 2017-жылы Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында ушундай эле фитосанитардык лабораториялар ишке берилет. Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат. 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветерианрдык лабораториялар ишке кирет», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өлкөдө 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке кирерин баса белгиледи. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 190 млн. сом каражат бөлүүдө. Мындан сырткары Ош жана Бишкек шаарларында эки чоң лаборатория ишке кирет.

Пикир

Оставить комментарий