• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков: Элдин ишенимин актоо үчүн бардык мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм

Саясат 0


Бишкек, 16.10.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков "Форумдагы" штабында маалымат жыйын өткөрдү. Белгилей кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча ал 54,8% шайлоочулардын добушун алган.

Ал өз кайрылуусунда командасына, элине, журналисттерге ыраазычылык билдирди.

"Бүгүн Кыргызстан дүйнөгө биз көз карандысыз, эгемендүү, демократиялуу мамлекет экенибизди жана өлкө тагдырын Кыргызстандын эли чечерин көрсөттү",- деди ал.

Ал ага колдоо көрсөткөндөргө, күнү-түнү иштеп, кыска мөөнөттө мүмкүн эмести аткарган командасына ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бул шайлоону жогорку деңгээлде өткөргөндөргө, курч атаандаштыкта иштеген оппоненттерине ыраазычылыгын айтты.

"Шайлоонун жыйынтыгынан соң менде зор жоопкерчилик пайда болду. Мен аны сезип турам. Элдин ишенимин актоого бардык мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм. Акыркы 6 жылда бардык тармактарды өнүктүк, көп нерсеге жетиштик. Менин башкы максатым бекемдеп жана аягына чыгаруу. Баарыңыздарга чоң рахмат",-деди Жээнбеков.

Кайрылуудан соң Жээнбеков журналисттердин түрдүү, анын ичинде Казакстан менен чек арадагы кырдаал боюнча суроолоруна жооп берди.

"Биз бардык коңшуларыбызды бирдей сыйлайбыз. Ар бир мамлекет - эгемен, аларга урмат менен мамиле кылабыз. Ошондо маселенин баары чечилет. Биз ушундай багытта иштейбиз",-деди ал.

Нурсултан Назарбаевге кандай мамиледе экени боюнча суроого:"Ал боордош коңшу өлкөнүн президенти. Биз өнөктөш мамлекеттерге жана президенттерге сый мамиле кылабыз",-деди.

Өмүрбек Бабановду командасына алууга даярдыгы боюнча суроого "оюнда да жок" экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий