• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын президенти Джоко Видодого көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 30.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезия Республикасынын президенти Джоко Видодого көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

“Индонезия Республикасынын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, - деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий