• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 20.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын президентинин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугат.

Пикир

Оставить комментарий