• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ош облусунда жүрөт

Президент 0

Бишкек,02.11.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда.
Мамлекет башчысы бүгүн, 2-ноябрда эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна учуп кетти.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков «Ош — Айтматовдун тагдырында» салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат-спорттук оюндарга катышат.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» ЖЧК заводунун ачылышына катышат.

Пикир

Оставить комментарий