• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-мартта Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын өңүтүндө республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева күтүлгөн тобокелчиликтерди эске алуу менен, божомолдор боюнча үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85%дын айланасында түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетти аткаруу 96%ды түзгөндүгүн маалымдады.

Бактыгүл Жеенбаева белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда. Чыгашалар боюнча план биринчи кезектеги иш-чаралардын артыкчылыктарын эске алуу менен түзөтүлгөндүгүн айтты.

Бардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кырдаал турукташканга чейин артыкчылык берилбеген чыгашаларды кыскартуунун эсебинен бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү сунуштамалары берилди.

Ошондой эле ал донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы иниституттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу коркунучтар менен чакырыктарга даяр болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Кырдаал региондо жана дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарылдыгына токтолду.

Ошону менен бирге үнөмдөө өлкөнү санарипке өткөрүү, соттук-укуктук реформа, укук коргоо органдарын, анын ичинде жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды реформалоо, авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнүн алкагындагы иш-чараларга тийиштүү болбошу керектигин айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан эмгек акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча социалдык милдеттенмелер аткарылышы зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий