• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 12.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-мартта, Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.

Катар тарап Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.

Пикир

Оставить комментарий