• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Казакстанга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков казак тараптын чакыруусу менен расмий иш сапары боюнча Казакстанга учуп кетти.

Аэропорттон Жээнбековду КРнын биринчи вице-премьер-министри Аскар Мамин, ТИМнин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астананын акиминин орун басары Аскар Амрин жана КРнын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитов тосуп алат.

Сапардын алкагында Жээнбеков менен президент Нурсултан Назарбаевдин тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуусу күтүлүүдө. Тараптар ЕАЭБ алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Жолугушуунун аягында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө: кыргыз-казак чек арасы боюнча. Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча келишим тууралуу.

Ошондой эле, КР президенти менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин жолугушуусу пландалган.

Астанадан соң, Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага барат. Ал жакта Жээнбеков КМШ өлкө башчыларынын бейформалдуу жолугушуусуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий