• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияда UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту. Бул тууралуу спортчунун атасы Абдулманап Нурмагомедов социалдык түйүндөрдө кабарлады.

Абдулманап Нурмагомедов өз билдирүүсүндө Кыргызстанда аларды дайыма жогорку деңгээлде тосуп алышкандыктарын жазган.

“Сооронбай Шарипович Жээнбеков Нурмагомедовду UFS 229 жеңиши менен куттуктады. Баарлашуу абдан пайдалуу жана жемиштүү болду”, - деп жазган спортчунун атасы.

Андан тышкары, Нурмагомедов кенже өзүнүн instagram баракчасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушуусунан видео жарыяланган.

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Стамбул шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты.

Пикир

Оставить комментарий