• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Кичи шаарлардын экинчи өмүрү башталат!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. “Кара-Көл дегенде биздин жаштык курак эске келет. Нарын дайрасынын боюндагы энергетиктер шаарын кезинде бүт Советтер Союзу курган. Накта интернационалдуу шаар болгон”, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Өткөн кылымдын 70-жылдары Кара-Көлдүн атагы бүт Союзга тарап, романтикалуу жаштар агылып келишкен жана ушул жерди биротоло мекендеп калышкан. Мына ошол жылдары чар тараптан келген ар улуттагы жаштар аралашып иштеп, баш кошушуп, натыйжада Кара-Көл эң сулуу адамдардын шаары деп айтылат.

«Ушу тапта бүт дүйнөдө нефтинин доору бүтүп, кайра жаралуучу электр энергиясынын заманы келди. Эми экологиялык таза электр энергиясына талап өсүү үстүндө болот. Ошондуктан, биз Нарынды бойлой жаңы ГЭСтерди курабыз, Камбар-Ата-1 жана 2 ГЭСтерин тездетебиз. Эгер аталган долбоорлор ишке ашса, жылына 6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Демек, Кара-Көл шаарынын, Кудайым буюрса, экинчи өмүрү башталат. Буга ишенип койгула!»,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, премьер министр болуп турган убакта өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыккан. «Программада аймактардагы 20 шаарды өнүктүрүү каралган. Эми биз айыл менен шаарлардагы жашоо шарттарын теңдей алабыз, жаңы жумушчу орундар түзүлөт, ички жана тышкы миграция кескин азаят. Аймактарда жаштар жумуш менен камсыз болот», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтерин, Үч-Коргон ГЭСинин суу сактагычын жана Папан суу сактагычын курган Валерий Николаевич Семигласов сөз сүйлөдү.

Валерий Николаевич Кара-Көл шаарын курууга да катышканын жана энергетиканын өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп жатканына кубанычта экенин айтып, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп жатканын белгиледи, анткени талапкер бул шаарлардагы өнүдрүштү кайра жандандыраарына ишенет.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 13.09.2017-ж.

Пикир

Оставить комментарий