• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт өлкөдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул максаттан алып караганда, биз 2016-жылы жаңы органды – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин түздүк», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Кыргызстандык VI маалыматтык технологиялар форумунун (КИТ-форум) ачылышында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, киберкоопсуздук, электрондук башкаруу, IT-индустрияны, IT-билим берүүнү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө карата бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу маселеси бизнес-чөйрө үчүн гана эмес, мамлекеттик түзүмдөр үчүн да актуалдуу саналат.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекетти түзүү боюнча – «Смарт Коом» жалпы улуттук жогорку технологиялык жаңы долбоор ишке киргизилүүдө.

«Аталган долбоордо санариптик технологиялар интеграция, натыйжалуулук жана инновациялар үчүн мүмкүнчүлүктү жогорулатуу менен анын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Мамлекеттик санариптик трансформациялоо долбоору бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутагын камтыйт», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, санариптик технологиялар мамлекеттик башкарууну, экономикалык жана социалдык тармакты өзгөртүү үчүн кыймылдаткыч күч болуусу тийиш.

Өкмөт башчы «Смарт Коом» долбоору санариптик мамлекеттик тейлөөлөрдү сунуштоо процедураларын жана административдик процесстерди автоматташтыруу аркылуу адамдык фактордун таасирин минималдаштыруу аркылуу мамлекеттик тармактагы коррупцияны жоюу үчүн натыйжалуу аспап катары чыгарын билдирди.

«Бүгүнкү форум өлкөдөгү технологияларды өнүктүрүү багытынын бүгүнкүсүн жана келечегин аныктоочу IT-тармактын эксперттерин жана энтузиасттарын, демилгечилерин бирдиктүү аянтчага чогултту. Өкмөт жана бардык мамлекеттик түзүмдөр тараптан IT-тармагын өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды алып салуу үчүн ар-тараптуу колдоо көрсөтүлөт», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Форумда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков IT жаатындагы жетишкендиктер үчүн сыйлыктарды тапшырып, заманбап маалыматтык технологиялар көргөзмөсүнө катышты.

Кыргызстандык VI маалыматтык технологиялар форумунун (КИТ-форум) иши 2017-жылдын 23-февралына дейре улантылат.

Пикир

Оставить комментарий