• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу парламентке отчет берет

Өкмөт 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилейт кетсек, Премьер-министрдин Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету өлкө парламенти тарабынан бекитилген жаңы форматта даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Парламент жыйынында Өкмөттүн отчетун талкуулоо – 27 апрелде саат 9:30да башталат.

Пикир

Оставить комментарий