• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков : Коомдун эркиндиги, бийликтин адилеттиги үчүн күрөштүн алгачкы жеӊиши – ушул Аксыда курман болгон жигиттер баштаган күрөштүн жеӊиши

Өкмөт 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында орун алган Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Аксы окуясы орун алган жайда Эстеликке гүл коюп, 2002-жылдын 17-мартында курман болгондордун элесине арнап куран окушту. Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атабаевдин атынан Аксы окуяларынын 15 жылдыгына байланыштуу Кайрылуусун окуду. Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

«Урматтуу мекендештер! Мындан 15 жыл мурда, дал ушул жерде жерибиздин бүтүндүгү, мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыгып, курман болгон эр-азаматтарыбызды эскерүү үчүн чогулдук.

Ошол кезде Аксы эли адилеттик үчүн бийликке катуу айбат көрсөткөн. Колунда куралы жок болгон менен, бирок, жүрөгүндө жалыны, жүзүндө айбаты бар жигиттер өлүмгө тик карап, ошол кездеги бийликти селт эттирген. Биз элесин эскерип жаткан балдар сырткы душмандын колунан эмес, ошондогу бийликтин колунан каза тапкан.

Өз кызыкчылыгы үчүн элдин өмүрүн кыюудан баш тартпай турган ал кездеги бийлик өзүнүн чыныгы жүзүн ушул жерден көрсөткөн. Элдин жана Акаевдин бийлигинин жолу, келечеги эки башка экени ушул жерде, Боспиекте айкын болгон.

Коомдун эркиндиги, бийликтин адилеттиги үчүн күрөштүн алгачкы жеӊиши – 2005-жылдын мартындагы жеӊиш - ушул Аксыда курман болгон жигиттер баштаган күрөштүн жеӊиши десек болот.

Андан бери көп убакыт өттү, ошол жигиттердин өмүрү бекер кыйылган жок. Алардын элеси кийинки күрөштөрдү шыктандырды. 2005-жылдын март революциясы, 2010-жылдын апрель революциясы - ушул Аксыда башталган күрөштүн уландысы болуп калды.

Аксы окуяларынын мамлекеттик маанисин өзгөчө белгилеп, ошондо каза болгондордун элесин урпактардын эсинде сактоо үчүн Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жарлыгы менен 17-март «Аксы окуяларын эскерүү күнү» деп жарыяланды.

Жылдан жылга тарых бардыгын өз ордуна коюп келе жатат.

Урматтуу замандаштар! Жеӊишке жеткен менен, аны сактап калуу үчүн да талыкпаган күрөш зарыл экен. 2005-жылдагы жеӊишти уурдатып жибердик. Элдин күчү менен бийликке келген бакиевдин режими адилеттикти орнотмок турсун, мурдагыдан да коррупцияланган бийлик орноду. Элди эркиндик, адилеттик деген үмүтүнөн түӊүлтөм, бийлик элге кызмат кылбай, эл бийликке чөгөлөп берет деп ойлошту. Өлкөнүн байлыгын каалагандай калчап, элдин ырыскысын өз билгениндей соро баштады. Өз бийлигин сактап калыш үчүн, ага каршылык кылгандарды өлтүрүүгө чейин барды.

Эркиндикти, адилеттикти баарынан бийик баалаган кыргыз коомчулугунун кыжыры келип, чыдамы кетти. Элибиз 2010-жылы апрелде революцияга аттанды. Бийлик үчүн бакиевчилер эч бир мыкаачылыктан кайтпай турганын көрсөттү. Элге каршы мөндүрдөй ок жаадырды. 2002-жылдагы Аксы окуясынан, 2005-жылы март революциясынан мисал алган эр жүрөк элибиз октон качкан жок. Жүзгө жакын жигиттер элдин эркиндиги, мамлекеттин келечеги үчүн өз өмүрлөрүн аяган жок. Миӊдеген адамдар жаракат алышты. Ошентип, азыркы жеӊишибиз, бүгүнкү турмушубуз, келечекке болгон ишенимибиз оӊой-олтоӊ келген жок. Кара өзгөй бийликти кууп чыгыш үчүн кырчындай өмүрлөр кыйылды.

Бакиевчилер кутулуп кеттик деп ойлобосун, азырынча качып кеткен менен, түбөлүгүндө соттун жазасынан, элдин каарынан, кайтыш болгондордун арбагынан качып кете албайт.

Мурдагы бийликтегилердин кылмыштарын жазалай турган мыйзам беренелеринин мөөнөтү эч качан эскирбейт.

Урматтуу мекендештер! Адилеттик, эркиндик үчүн болгон күрөш дагы деле уланып жатат. Таза коомду, адилет бийликти, өнүккөн өлкөнү куруу – талыкпаган күрөштү талап кылаарын өзүӊүздөр көрүп турасыздар. Коррупция менен болгон күрөш – эч качан бүтпөй турган күрөш. Ак менен каранын, ак ниеттик менен кара өзгөйлүктүн күрөшү – түбөлүк улана турган күрөш экен.

Ошол түбөлүктүү күрөшкө бел байлаган коом гана эркин жана адилет мамлекет кура ала турганын дүйнөлүк тажрыйба көрсөттү.

Биз ошондой улуу күрөшкө аттанган, артка кайтпай турган коом болдук. Артка кайтканга 2002, 2005, 2010-жылдардын сабактары жол бербейт. Көздөгөн максаттарга жетүү үчүн акыркы алты жылда абдан чоӊ иштер аткарылды.

Экономикабыз өнүгүп жатат, жолдор, мектептер, ооруканалар курулду, мугалимдер менен врачтардын эмгеги жогору бааланууда, пенсиялар менен пособиелер көбөйтүлдү. Эӊ негизгиси – эл эӊсеген, ошол үчүн күрөшкө чыккан – таза коомду, адилет бийликти куруп жатабыз. Энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. ИДП көбөйүп, жеңил өнөн жай тармагы өнүгүп жатат.

Мурдагы бийлик учурунда тамырлашып кеткен коррупцияга каршы күрөш тынымсыз уланууда.

Биз Борбордук Азияда ушундай максатты ишке ашырып жаткан биринчи коом болуп жатабыз. Биздин региондо элдин бийлиги орногон жалгыз өлкө болуп турабыз.

Урматтуу агайын-туугандар!

Эл тараза, элден айланса болот. Эл деген тоо, эл деген сел, эл – зор күч. Элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөйт. Өлкөбүз эркин, мамлекетибиз адилет, жерибиз бүтүн болсун деп 15 жыл мурда кайтыш болгон эр-азаматтарыбыздын жаркын элесине таазим этебиз.

Курман болгондордун бейиши болсун, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Окуткан кураныбыз кабыл болсун!».

Пикир

Оставить комментарий