• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: "Коопсуз шаар" долбоору жакшы натыйжа берүүдө

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. "2011-жылдан бери кыргыз өкмөтү аракет жасап, бирок аткарылбай, элибиз үчүн абдан зарыл болгон „Коопсуз шаар“ долбоору ишке киришти", - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал маалымдагандай, долбоор жакшы натыйжаларды берип жатат.

"Бишкек шаары боюнча 40 пайызга, Чүй облусу боюнча 50 пайызга азайды. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында — аны 7 облуска, Ош шаарында жана ири калк жайгашкан аймактарга жайылтабыз", - деп билдирди президент.

Өлкө башчысы бажы тармагында да санариптештирүү активдеше баштагандыгын кошумчалады.

"Модернизациядан өткөн 12 бажы өткөрмө пункттарын санариптештирүү бүттү. 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тариздөө жайына онлайн байкоо системасы киргизилди. Орнотулган видеокамералардын жалпы саны — 506 даана, алардын ичинен 14 видеокамера „Түндүк“ системасына интеграцияланган. 6 өткөрүү пункттарда автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси ишке киргизилди (сканер). Мурда текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 мин убакытты алат. Бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы иштей баштады. Транспорттук каражатын тариздөө процесси бүгүнкү күндө 10-15 мүнөттө өткөзүлүп калды", - деп маалымдады Жээнбеков.

Ал электрондук декларациялоого өтүү жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу сервисин киргизүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий