• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президент 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, мамлекеттик органдардын катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралууда.

Ыкчам штабдын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий