• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Президент 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.

Пикир

Оставить комментарий