• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуудан максималдуу пайда табуусу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. «Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуудан максималдуу пайда табуусу керек. Премьер-министр катары мен Кыргызстандын ЕАЭБге интеграцияланышы алкагында Өкмөт ишиндеги негизги артыкчылыктуу багыт катары Казакстан менен чектешкен көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана реконструкциялоо, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды эл аралык талаптарга дал келтирүү ишин койгом. Бул иш-чаралар экспортко багытталган атамекендик ишканалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-февралда, Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чекарасындагы «Токмок-автодорожный» жана «Кең-Булун-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары менен таанышуу жыйынтыгында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр кошумчалагандай, «Токмок-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун модернизациялоо – февралдын соңунда, ал эми «Кең-Булун-автодорожный» пунктун модернизациялоо эки айдан соң жыйынтыкталат. Ошондой эле жалпы республика боюнча бир катар өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иши активдүү жүрүүдө, аларды үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына дейре жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Мирбек Касымкуловдун айтымында, «Токмок-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктундагы объекттердин капиталдык курулушу 2016-жылдын сентябрь айында башталган. 2017-жылдын 13-февралында мамлекеттик комиссия аталган объектилерди пайдаланууга киргизилишин жактырып, ага катар жалданма компанияга аймакты көрктөндүрүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмө берилген. Учурда иштеги бардык кемчиликтер жоюлууда. Жакын арада эл аралык талаптарга ылайык курулган объект толугу менен пайдаланууга берилет. «Токмок-автодорожный» өткөрүү пункту жеңил унааларга гана багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов «Токмок-автодорожный» өткөрүү пунктунун жанындагы жээктерди чыңдоо ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы «Токмок-автодорожный» өткөрүү пунктунун имаратын карап чыгып, модернизациялоодо жарандардын мамлекеттик чекараны уюшкандык менен кесип өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралгандыгын, мында аталган өткөрүү пункттарга карата негизги талап – алардын ишиндеги ыкчамдуулук экендигин эскертти.

«Кең-Булун-автодорожный» пункту менен таанышуу учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, эки ай аралыгында бардык курулуш иштерин жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери болжол менен 10 млн сом суммасында жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы белгилегендей, аталган өткөрүү пункттарын реконструкциялоодон соң алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылат. Эгерде мурда өткөрүү пункттары эл аралык талаптарга жооп бербей келсе, бүгүнкү күндө анын толук кандуу иштеши үчүн, анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамынын кызмат өтөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий