• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: “Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн бирдиктүү орган жок”

Экономика 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. “Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн бирдиктүү орган жок”,-деди бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жыйынында.

Анын айтымында, жакында эле Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери өлкөдө болуп кайтышты. “Алар текшерүү жүргүзүшүп, бизде азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөгөн бирдиктүү органды жок экенин белгилешти. Ушул багытта иштеш керек”,-деди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, Өкмөт башчысы ЕЭКтин эксперттери текшерүүнүн жүрүшүндө өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышпаганын белгиледи. “Алар менен бирге жүрүп, суроолоруна жооп берип, барын көрсөтө турган адамдар болуш керек эле. мындай эксперттерди министрлердин деңгээлинде кабыл алуу керек. Бардык тиешелүү ведомстволор буга тартылышы керек болчу”,-деди ал.

Мындан тышкары, премьер-министр вице-премьер-министр Олег панкратов ЕАЭБдин талаптары жана техникалык регламенти тууралуу маалымдуулукту жеке көзөмөлүнө алышы керек деди.

Пикир

Оставить комментарий