• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

С.Жээнбеков коомдук пикирде өзүн чыныгы мамлекеттик ишмер катары калыптандырды – А.Арзыматова

Саясат 0

Бишкек, 18-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Учурдагы премьер-министр Сооронобай Жээнбеков өлкө президенттигине татыктуу талапкер. “Кабар” агенттигине мындай пикирин саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ КСДПнын саясий кеңеши Кыргызстандын президенти кызматына бир добуштан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.

А.Арзыматованын айтымында, Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматтын жана саясий ишмердиктин бардык баскычтарын басып өткөн.

“Эң башкысы, ал кандайдыр бир коррупциялык чууларга аралашпаган, ири ишканалардын эси болуп саналбайт ж.б. Ошондой эле, ал жөнөкөй мугалим катары баштаган жана мамлекеттик кызматтын жана саясий ишмердиктин бардык баскычтарын басып өттү. Ош облусунун губернатору, айыл чарба министри, бир нече ирет депутат болду, учурда премьер-министрдин кызматын ээлеп турат. Коомдук пикирде ал өзүн чыныгы мамлекеттик ишмер катары калыптандырды. Аны бири агрессивдүү ишкер, дагы бири премьер болуп туруп өзүн көп пиар кылган башка талапкерлерге салыштырууга болбойт”, - деп эсептейт ал.

Пикир

Оставить комментарий