• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директорун кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, өлкөнүн Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ведомствонун ишинин натыйжалары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жакшыртуу боюнча чаралар жана маселелер талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын алдына мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүү, кадрлардын Улуттук резервинин иш механизмин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын реформалоо маселелери коюлганын эске салды.

Мамлекет башчысы мезгил талабына ылайык түзүлгөн кадрлардын Улуттук резервинин системасын калыптандыруунун маанисин белгиледи. Кадр кызматын жалпысынан жакшыртуу боюнча жаңы милдеттерди коюп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже кызматкерлеринен тартып, мамлекеттик кызматка кесипкөй кызматкерлерди тартуу жана алардын мындан аркы карьералык өсүшүн камсыздоо максатында ачык сынактарды өткөрүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков статс-катчылардын институтун жакшыртуу керектигин белгиледи.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров кадрлардын Улуттук резервин түзүү боюнча биринчи этап аягына чыкканын маалымдады.

2018-жылы сынакка 715 адам катышып, тандоонун негизинде кадрлар резервине 35 адам өткөн. Анын ичинен экөө жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалды — Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы жана Бишкек шаарын Өнүктүрүү агенттигинин директору.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өтүп, мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча милдеттери күчөтүлдү.

Акрам Мадумаров 2009-жылы жергиликтүү өзүн алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, райондук жана облустук администрациялардын жетекчилери жана ошондой эле жогорку мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу баштала турганын айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий