• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик органдар 2015-2017-жылдарга экспорт боюнча Планды ишке ашыруу чараларын күчтөндүрүүсү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Экономиканы өнүктүрүүдө экспорттоо багыты аныктоочу ролду ойнойт, ошондуктан, мамлекеттик органдар 2015-2017-жылдарга экспорт боюнча Планды ишке ашыруу боюнча чараларды күчтөндүрүүсү керек, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча планынын аткарылышы жөнүндө» маселесин талкуулоо учурунда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы маалымдагандай, Кыргызстан 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча экспортту өнүктүрүү боюнча жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду. Бул көрсөткүч 1,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2015-жылга салыштырмалуу ал 5,1 %га өскөн. Буга катар Европага экспорттоо 44,3% жогорулаган.

«Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгондугун эске алуу менен, биздин ишканаларга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн аймактарына экспортточу ишканалардын реестрине киришине колдоо көрсөтүү керек. Баарыңарга кабардар кылып койчу маалымат – 2017-жылдын 12-августунан тартып ЕАЭСтин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу боюнча – 9 техрегламент бар», - деп белгиледи Премьер-министр.

Ал чийки азыктар базасын, логистикалык борлорду түзүү, ылайык келүү сертификаттарынын бардык көрсөткүчтөрү боюнча тийиштүү лабораторияларды түзүү зарылдыгына токтолду. Бул үчүн зоналаштыруу жана эпизоотикалык мониторинг иштерин күчөтүп, ветеринардык сертификаттарга электрондук каттоо системасын киргизип, ошондой эле малды идентификациялоочу пилоттук долбоорду тездетүү керек.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков экспорттоочу ишканаларга жана ишкерлерге сатып өткөрүүгө рынокторду издөө, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуусу үчүн соода маалыматтарына жетүүнү камсыздоо боюнча бир катар чараларды атады. Ал үчүн төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашыруу зарыл: башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү аркылуу соода маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо; атайын сайт ачуу, ошондой эле маалыматтык борбор түзүү жана тышкы соода операциялары тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртуучу башка чараларды кабыл алуу зарыл.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине мамлекеттик башка органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 2017-жылдын 1-ноябрына чейин 2018-2020-жылдарга карата экспортту өнүктүрүүнүн жана жылдыруунун Программасын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Премьер-министр Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жер-жерлерде экспортту алга жылдыруу жана өнүктүрүү жаатында активдүү иш алып барусуна басым жасады.

«Губернаторлор жана акимдер өзүнүн аймактарындагы бардык ишканаларды, анын ичинен өзгөчө экспортко чыгаруучу ишканаларды билүүгө милдеттүү. Жергиликтүү бийлик тармактык министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз байланышта иштешип, ишканаларга жана бизнесмендерге жардам берип турушу зарыл. Ата мекендик продукцияны экспортко чыгарууда Сиздер чоң роль ойношуңуздар керек. Экспортту өнүктүрүүдө аймактардын деңгээлинде мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларын ишке ашырууну жандандыруу зарыл», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Экономика министрлиги кооперация жаатындагы ишти создуктуруп жибергендигин эске салып, айыл-чарба тармагында атаандаштык жоктугун белгиледи. Бул жаатта Экономика министрлигине бул багыттагы иштерди тездетүүнү тапшырды.

Коюлган тапшырмалар жана пландар ишке ашырылбыгын учурда тийиштүү жетекчилерге карата чаралар кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий