• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

Президент 0

Бишкек, 13.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзбек тараптын чакыруусу менен расмий иш сапары боюнча Өзбекстанга учуп кетти. Иш сапар эртең, 14-декабрда аяктайт.

Ташкент аэропортунан Жээнбековду Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Ташкенттин мэри Рахмонбек Усманов жана ӨРнын КРги элчиси Комил Рошидов күтүп алышмакчы.

Кыргызстан президенти бараары менен “Көз карандысыздык жана гуманизм” эстелигине гүл коюу иш-чарасына катышып, андан соң ӨРнын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл чамбар койот.

Андан соң, Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин тар жана кеңейтилген форматта жолугушуусу болот.

Күтүлүп жаткандай, жолугушуунун аягында бир катар документтерге кол коюлуп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле Жээнбеков коллегасына “Данакер” орденин тапшырат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушуусу болжолдонгон.

Пикир

Оставить комментарий