Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен барган өлкөлөр

Аналитика 0

Жакында Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенти болгондугуна туура бир жыл болот. Бул аралыкта президент тарабынан көптөгөн жумуштар аткарылды, документтерге кол коюлуп, мамлекеттик визиттер жасалды. 23-сентябрда Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Америкага жөнөп кетти. КР президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков визиттин алдында билдиргендей, бул сапар Кыргызстан үчүн маанилүү саясий окуя. Президент ассамблеянын жүрүшүндө өлкө өнүгүүсүндөгү багыттар жана күтүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берет.

“Сооронбай Жээнбековдун алдыда кутүлүп жаткан визити Кыргызстан уюмдар менен кызматташууга приоритеттүү маани бере тургандыгынан кабар берет. КРнын БУУ менен болгон алакасынын өнүгүүсү алардын башкы катчылары Пан Ги Мундун (2015-жыл) жана Антониу Гуттерештин (2017-жыл) визитинен кийин болду”, - деп билдирди Сыдыков.

Нью-Йоркко болгон сапардын жыйынтыгы саммит аяктагандан кийин маалым болот. Бирок азыркы учурда Сооронбай Жээнбековдун башка мамлекеттик визиттеринин жыйынтыктарына баам салууга болот, алардын саны бир кыйла.

Июнда президент Кытайга барды. 6нан 8-июнь күндөрү мамлекеттик визит болуп, андан соң ШКУнун саммитине катышты. Кытай ири экономикасы бар чоң өлкө, адистердин баасы боюнча бул экономика биринчиге чыгышы мүмкүн. Кыргызстан үчүн КЭР ири экономикалык өнөктөштөрдүн бири. Өлкөдө жыл сайын өсүп жаткан ири соода жүгүртүү бар.

Жээнбековдун КЭР болгон визитинин алкагында бир катар документтерге кол коюлуп, келишимдер түзүлдү. Маанилүү маселе да көтөрүлдү – бул Кыргызстандан алынып келинген товарлар үчүн кытайдын базарын ачуу. Бул максаттар үчүн Кыргызстанда товарларды сертификациялоо боюнча лаборатория курулат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында автоунаа чыгарган завод куруу маселеси да көтөрүлдү.

Жалпысынан алып караганда Жээнбековдун Кытайга болгон визитинин алкагында Кыргызстан үчүн маанилүү болгон көптөгөн темалар талкууланды – региондорду өнүктүрүү, ал үчүн атайын грант да бөлүнгөн, “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында өлкөлөрдүн мамилеси.

Өлкө лидерлери экономика, стратегиялык жана финансы темалары боюнча да пикир алмашышты. Визиттен кийин көптөгөн адистер сапар жакшы жана эң жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдиришкен болчу. Жетишилген келишимдер Кыргызстанга бир гана экономиканы эмес, аймактардагы инфраструктураны да өнүктүрүүгө жардам берет.

Үстүбүздөгү жылдын жазында Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркияга барган, бул жолу да сапар маанилүү жана жемиштүү болгон. Эки күндүк иш сапардын алкагында президент кесиптеши Эрдоган менен эки тараптуу бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Сооронбай Жээнбеков соода палаталардын кызматташуусун активдештирүүнү жана өлкөлөр ортосунда ишкерлердин кеңешин түзүүнү сунуштады. Президенттердин жолугушуусунун жүрүшүндө маданият, спорт жана саламаттык сактоо тармагында кызматташуу маселеси да каралды. Президенттер ар кандай иш-чараларга анын ичинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине катышуу боюнча өз ара чакыруулар менен алмашышты.

Андын тышкары визиттин жыйынтыгы боюнча алты документке кол коюлду:

Алар:

•Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо боюнча агенттиги (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

•Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

•Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;

•Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында кызматташуу тууралуу Протокол.

Жай айынын аягында Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барды. 23-августта Кыргызстандын президенти Ашхабадка келди. Бул маанилүү визит, анткени Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү менен диалогду орнотушу керек жана бул жаңы экономикалык өсүштөргө жана долбоорлорго алып келет.

Сооронбай Жээнбековдун визитинин алкагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, айыл чарбаны өнүктүрүү, маданият жана башка көптөгөн тармактарга байланышкан 11 документке кол коюлду.

“Документтердин эки блогун өзгөчө белгилеп өткүм келүүдө: биринчиси – стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен Декларация. Бүгүнкү күндө бул документке дээрлик бардык Борбордук Азия өлкөлөрү менен кол коюлду. Биз Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Борбордук Азия өлкөлөрү эң приоритеттүү экендигин дагы бир жолу көрсөтүп жатабыз", - деп билдирди тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Документтердин экинчи блогу соода-экономикалык кызматташуу жаатында болду. Дагы бир маанилүү документ – бул кош салык салууну жоюу. Бул документ эки өлкө ишкерлеринин ишмердүүлүгүн жеңилдетет, өлкөлөр ортосундагы сооданы көбөйтөт, ошондой эле инвесторлорду тартат.

Андан тышкары мамлекет башчысы Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга визит жасады.

Бул визиттердин алкагында чек ара, соода-сатык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маанилүү келишимдерге жетишилди.

Ошондой эле 2018-жылдын апрелинде С.Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Брюсселге барды, ал жерде Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск , Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни жана Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту.

Жолугушуунун башкы темалары – Кыргызстандагы демократия, республикадагы адам укуктары жана сөз эркиндигинин абалы болду. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, С.Жээнбеков ЕБ болгон биринчи сапарынын алкагында Европа союзунун бардык институттарынын башчылары менен жолугушту.

Кыргызстандын президенти ошондой эле Россияга да барды, визиттин алкагында РФнын президенти Владимир Путин жана Россиянын жогорку жетекчилеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун өсүшү бир гана эки тараптуу алакаларга эмес, жада калса бүтүндөй регионду камтыган перспективалардын ачылышына алып кетиши мүмкүн. Мисал катары Кыргызстан аркылуу өтө турган Түркмөнстан-Кытай газ түтүгүн курууну айтууга болот. Бул долбоор өлкө казынасына жылына 75 миллион долларга жакын каражат алып келиши мүмкүн. Андан тышкары, кытай компаниясынын өкүлдөрү билдиришкендей, газ түтүгү өтө турган аймак да өнүгөт. Ошондой эле жумушчу күчтөр тартылат, анан албетте жаңы жумушчу орундары пайда болот. Андан тышкары, жакында эле Кытайга студенттер акысыз билим алууга жөнөтүлдү, кийинчерээк Кытай компаниясынын тармагында иштеп калышат.

Кыргызстан өнүгүүнүн жолунда, албетте президентке бир гана жакынкы өнөктөштөр менен байланыш орнотпостон, алдыга да караш керек. БУУнун 73-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөй турган сөзү өлкөнүн өнүгүшүнө, инвестициянын тартылышына жана дүйнө өлкө тууралуу билишине мүмкүндүк берет.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий