• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Түркмөнстанга барат

Президент 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Мамвизит эртең, 23-августта болот.

Анын айтымында, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда.

“Сапардын алкагында мамлекет башчысы Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун тар жана кенен форматтагы жолугушуусу болот. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектеги пландар талкууланат. Биз эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн алакасына чоң маани беребиз", - деп билдирди Сыдыков.

Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий