• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Мен коррупционерлердин миллиарддарын казынага кайтыртып, анын эсебинен мугалимдердин айлык маянасын жогорулатам

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. «Мен биздин өлкөдөгү коррупционерлердин ар биринин фамилияларынан бери билем. Коррупция менен күрөшүүнү ошолордон баштайм», – деп билдирди 4-октябрдагы КТРКдагы дебат учурунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков башка талапкер Өмүрбек Бабановдун «Кыргызстан коррупцияга батты, Сооронбай Жээнбеков болсо бул тууралуу бир да сөз айткан жок», деген суроосуна жооп берип жатып.

Сооронбай Жээнбеков ал Премьер-министр болуп турганда, өлкөдө бардык тармакта көрсөткүчтөрдүн өскөнүн эске салды. Бардыгына белгилүү болгондой, өткөн жылы ушул учурда экспорттун көлөмү 17 пайызга түшкөн. Үстүбүздөгү жылдын 7 ай ичинде бул көрсөткүч 30 пайызга жогорулаган! 2016-жылдын апрель айында, ал премьер-министрдин милдетин аткара баштаганда, ИДП 4,9 пайызга төмөндөгөн, ал эми өнөр жай – 26 пайызга. 2017-жылдын алты айында эле ИДП 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулаган.

«Күрөш таза болуш керек. Мен айтпай эле коеюн дегем, бирок менде Бабановго 25 суроом бар, аларды кийинчерээк берем. Мен 1995-жылдан бери саясатта жүрөм, бизде ким коррупционер, ким өзү үчүн, ким мамлекет үчүн иштегенин жакшы билем. Мен кудайдын алдында тазамын, коррупция менен күрөшүүгө кудуретим жетет. Эмне үчүн мен бюджетти толуктап, мугалимдерге айлык маянасын жогорулатам деп ишенимдүү айтып атам? Анткени ким кантип байыганын, ким мамлекетке кызмат кылганын, ал эми ким өлкөнү тоногонун мен жакшы билем. Президент болуп калсам, ошол миллиарддардын бардыгын казынага кайтартам жана анын эсебинен мугалимдерге жана башка бюджеттегилерге айлык маянасын жогорулатам. Мен үчүн байлык, бийлик эч нерсе эмес. Бийлик мен үчүн – элге кызмат кылуу. Мен мамлекетти өз үй-бүлөмөн дагы бийик коем. Менин артыман эч нерсе таба алышпайт, анткени мен тазамын. Ал эми Бабановго мен 25 суроо берем, ал суроолорго жылдап жооп берет», – деди Сооронбай Жээнбеков.


- Даярдоочу: КУМА “Кабар”
- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий